Атамбаев: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга насыя алуу керек

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы акыркы окуялар бул долбоорду сөзсүз ишке ашыруу керектигин көрсөткөнүн белгиледи

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде Кыргызстандын өкмөтү Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу үчүн жеңилдетилген насыя алуу маселесин карап чыгуусу керектигин билдирди.

Анын айтымында, акыркы окуялар бул долбоорду сөзсүз ишке ашыруу керектигин көрсөттү. Аталган темир жол андан ары Түркмөнстан менен Иранга чыгып, Инд океанына жол ачат.

Атамбаев өкмөт өз учурунда парламенттеги айрым курчечендердин айынан насыя алуудан коркуп койгонун белгиледи.

"Алар популизм менен алектенгенин убакыт көрсөттү. Учурда өлкөдөгү жана парламенттеги абал башкача. Өкмөт тез арада жеңилдетилген насыя маселесин иштеп чыгышы керек", — деди президент.

Ал ошондой эле бул ишке Өзбекстандын ишканаларынын катышуусу дагы маанилүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0