Казакстандан буудай келбей, ун таңкыстыгы жаралышы мүмкүн

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүУн. Архив
Ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар казак жана кыргыз буудайынын аралашмасынан жасалган унду пайдаланышатт

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болжол менен бир айдан кийин ун көйгөйү жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев билдирди.

Анын айтымына караганда, ата мекендик тегирмендер унду Кыргызстан менен Казакстандын буудайынын аралашмасынан алат. Казакстандын буудайы темир жол аркылуу алып келинет.

Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шампунь, ун жана маргарин. Кыргызстан Казакстандан кайсы товарларды көп алат
"Казакстандык ташып жеткирүүчүлөр өздөрүнүн акциясын россиялык компанияларга сатып салды. Бизге эскертүү берилгендей, буудай жүктөөчү вагон — хопперлердин көбү Россияга жөнөтүлүп жатат, себеби ал жакта быйыл түшүм аябай жакшы болгон. Учурда Кыргызстанга буудай келишимдер аркылуу жеткирилип жатат. Бирок жеткирүү иштери токтотула турган болсо бир айдан кийин чоң көйгөй жаралышы мүмкүн. Тагыраагы, ун таңкыстыгы жаралып, баалар өсүшү ыктымал", — деди Жунушев.

Ал белгилегендей хопперлердин жетишсиздигинен улам Түштүк Казакстандан буудай алып келүүдө көйгөйлөр жаралууда.

"Биздин запаста эки айга жете турган буудай бар. Бирок элеватордун ичи тар болгондуктан буудайды чоң көлөмдө запастай албайбыз. Андыктан керек маалда гана сатып алабыз. Эгер көйгөй жаралса, өкмөткө кайрылып маселени чечүү үчүн бардык күч аракетибизди жумшайбыз", — деди ал.

Жунушев ошондой эле мында саясий боек жок экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0