Ноябрь айына карата газдын баасы аныкталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Газпром Кыргызстан" предлагает увеличить тариф для населения
Газпром Кыргызстан предлагает увеличить тариф для населения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-ноябрга карата доллардын расмий курсу 68,74 сомду түздү

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Быйыл ноябрь айына карата газдын баасы калк үчүн бир куб метри 14,40 сом деп бекиди. Ал эми өнөр жай, коммерциялык ишканалар менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алуу менен бир куб метри 17,50 сом болгонун "Газпром Кыргызстандын" маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, газдын баасы Улуттук банктын айдын башында аныктаган доллардын курсуна жараша коюлат. 1-ноябрга карата доллардын расмий курсу 68,74 сомду түздү.

Октябрь айында калк газдын бир куб метри үчүн 14,39 сомдон төлөшсө, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр менен бюджеттик уюмдар 17,64 сомдон төлөп келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0