Кыргызстанда доллар эмне себептен өсүп жатканын адис айтып берди

© REUTERS / MOHAMED ABD EL GHANYАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү доллардын баасы өсүп жатат. Ага эмне себеп болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги изилдеп көрдү

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 24-октябрдан бери Улуттук банк тарабынан аныкталган доллардын наркы 52 тыйынга көтөрүлүп 68,95 сомду түздү.

22-октябрда долларды сатып алуу 60 тыйынга өсүп — 68,95 сом, сатуу 47 тыйынга өсүп — 69,02 сомду түздү.

Америкалык валютанын өсүшүнө эмне себеп болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги аныктап көрдү.

"Альянс" акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков себебин билбей турганын айтты.

"Доллардын таңкыстыгы байкалып жатат. Буга кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал себеп болушу мүмкүн", — деди Чойбеков.

Ал эми чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев доллардын өсүшүнө бир нече себеп бар экенин билдирди.

Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шампунь, ун жана маргарин. Кыргызстан Казакстандан кайсы товарларды көп алат
"Бул адаттагыдай эле көрүнүш, күзүндө импорттук товарлар анын ичинде күйүүчү май алынгандыктан доллар кымбаттап кетет. Экинчи себеп, кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй болушу мүмкүн. Себеби доллардын кириши азайып дефицитти жаратууда", — деди Шаршеев.

Ал ошондой эле доллар мындан ары дагы өсүп, бирок 70 сомдон ашпай турганын белгиледи. Себеби доллардан баш тартуу саясаты чет элдик акчанын өсүү потенциалын төмөндөтүүдө.

РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, доллардын башка валютага карата өсүшү АКШнын Федералдык резервдик системасынын жыйынында каралган учеттук ставкага рыноктун көңүл буруусу себеп болгон. Бирок ал мурдагы деңгээлде 1-1,25 жылдык пайыз боюнча калган. Мындан тышкары, АКШ президенти Дональд Трамп ФРСтин башчылыгына жаңы талапкерди сунушташы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0