Казаков: MegaCom качан сатылары жыл аягына чейин белгилүү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековСариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение
Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда уюлдук оператор боюнча финансылык жана юридикалык анализ жүргүзүлүүдө

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Альфа Телеком" компаниясынын 100 пайыз акциясын россиялык Елена Нагорная сатып алар-албасы жыл аягына чейин белгилүү болот. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Гражданка РФ Елена Нагорная - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясын сатып алам деген Нагорная: мен чех компаниясы эмесмин
Буга чейин да бир нече жолу өткөн аукциондо сатылбай калган уюлдук оператор 25-августта түз сатыкка коюлган. Ага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 25-сентябрда аяктаган. Уюлдук оператордун баасы 13,5 миллиард сом деп белгиленген, аукционго катышууну каалагандар аталган сумманын 7 пайызын комиссиялык төлөм катары төлөшү керек. Ошондой эле сатып алып жаткан тарап, бардык сот тобокелчиликтерин өзүнө алышы кажет. Аукционго катышуу үчүн россиялык Елена Нагорная аттуу жарандан гана арыз келип түшкөн.

"Сүйлөшүүлөр жүрүүдө, Нагорнаянын эксперттик тобу финансылык жана юридикалык анализдерди жүргүзүп жатат. Анын айтымында, бул иштер жакын арада аяктайт, андан кийин сатып алуунун шарттары талкууланат. MegaCom компаниясынын сатылар-сатылбасы жыл аягына чейин белгилүү болот", — деди Казаков.

Мекеменин башчысы компания сатыла турган баа жана сот тобокелчиликтери боюнча белгиленген шарт өзгөрбөй турганын билдирди.

Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актай албай сатылып жаткан 7 мамлекеттик ишкана. Баасы жана себептери
100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон уюлдук оператор аукционго 2016-жылы февралда 19 миллиард сом менен коюлган. Бирок ал болбой калган. Кайта май айында аукционго коюлуп, арыз келип түшпөгөндүктөн кийинкиге калтырылган. Анын айынан ошол убакта Мамлекеттик мүлк фондун башкарып жаткан Алмаз Кадыркулов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Кийинки аукцион декабрга пландалып, уюлдук оператордун баасы 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бааланган. Бирок аукцион болбой калган.

2017-жылдын июнь айына кезектеги аукцион белгиленип, компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган. Бирок аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз түшкөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0