Өкмөт "Кумтөрдөгү" мөңгүлөр боюнча пикирин билдирди

Жазылуу
Өкмөттүн Суу кодексине киргизүүнү сунуштап жаткан оңдоолоруна ылайык "Кумтөр" кенинин аймагына камтылган Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндө казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Суу кодексине киргизилип жаткан оңдоо жана мөңгүлөрдүн абалы боюнча түшүндүрмө берди.

Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатат. Эгер ал кабыл алынса, өтө зарыл болгон учурда мөңгүлөрдө казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет. Мындай кадам "Кумтөрдүн" токтоосуз иштеши үчүн киргизилип жатат. Шаршемби күнү Ак үйдүн алдына активисттер митинг өткөрүп, Суу кодексине киргизилип жаткан түзөтүүгө каршы чыгышкан. 

Мамлекеттик комитет билдиргендей, Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтому менен өкмөттү "Кумтөр" долбоорунун ишин үзгүлтүккө учуратпоого милдеттендирген.

Ледники - Sputnik Кыргызстан
Эколог Кутманова: "Давыдов", "Лысый" мөңгүлөрү көз алдыбызда эле эрип жок болду
Андыктан мамлекеттик органдар "Кумтөр" кенинде иштин токтоп калбашы үчүн жана Жогорку соттун көзөмөл өндүрүшү боюнча токтомун аткаруу максатында өнөр жай жана экологиялык коопсуздук боюнча экспертизанын корутундусун берген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдагандай, учурда бардык иш "Кумтөрдүн" борбордук аймагында жүрүп жатат. Карьер мөңгүгө жакын жайгашкандыктан анын чети Давыдов мөңгүсүнүн түштүк жана түштүк-чыгыштагы этеги жылып дайыма чыңалуу жаратып турат. Ошондой эле ал эрип, кулап түшүү тобокелдигин жогорулатат.

"Карьердин четине келген басымды азайтып, тоонун жылып кетишин четтетүү үчүн тоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бузулган тоо кен менен муз башка коопсуз жакка көчүрүлүүдө. Ошондой эле кендин чеги такай алмашып тургандыктан карьердин чеги түштүк-батыш багытты көздөй кеңейтилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Давыдов мөңгүсүнүн түштүк этегиндеги карьер ичине карай чөгүп баратканы белгилүү болгон. Мөңгүлөрдүн жылып кетпеши үчүн бийиктиги 90 метр болгон түркүк призма орнотулган.

Кумтөр ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы эреже: "Кумтөргө" кыргыз тараптан башкы менеджер дайындалды
Кендин борбордук бөлүгүндө тоо иштерин коопсуз ишке ашыруу үчүн жана Суу кодексинин 62-беренесин сактоо үчүн мөңгүлөрдү иштетүүгө уруксат берүү маселеси буга чейин эксперттер менен аткаминерлер тарабынан каралган.

"Адистер эгер карьерди консервацияласа "Кумтөр" кени көп убакытка чейин иштебей калат деген бүтүм чыгарган. Бул борбордук карьердин чекелеринин бузулушун, ага суунун толушун шарттайт. Ал өз кезегинде "Кумтөр" кенинин борбордук аймагында ишти кайра баштоону кыйындатат (же такыр эле иштен чыграат), — деп Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Суу кодексине киргизилип жаткан түзөтүү кабыл алынса, казуу иштерин Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүндө гана жүрүгүзүүгө уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0