Кыргызстанда бензин менен дизель майы жетишсизби? Маморгандын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтозаправочные станции (АЗС) Бишкека
Автозаправочные станции (АЗС) Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик комитет күйүүчү майдын запасы боюнча маалымат берди

БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Кыргызстандагы күйүүчү майдын запасы бир нече айга жетет. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен кабарлашты. 

Ведомствонун маалыматына караганда, ЖМКлар бензин менен дизель майынын жетишсиздиги тууралуу маалымат таркатышкан. 

АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда доллар эмне себептен өсүп жатканын адис айтып берди
9-ноябрга карата күйүүчү майдын көлөмү (АЗС менен мунай базасында) 43,4 миң тонна – 24,7 миң тонна бензин жана 18,7 миң тонна дизель майы. 

Ошондой эле “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматы боюнча 19-октябрдан 8-ноябрга чейин темир жол аркылуу Кыргызстанга 55,7 миң тонна күйүүчү май – 14,06 миң тонна бензин жана 41,4 миң тонна дизель майы. 

Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунда:

Сактоодо турган сырье – 74 миң тонна, 34 тоннасы жолдо;

Бензин – 3778 тонна;

Дизель майы – 1861 тонна;

Чыгарууга даяр турган жарым фабрикаттар, бензин – 3,5 миң тонна жана 3 миң тонна дизель майы.

Жаңылыктар түрмөгү
0