Доллардын баасы 70 сомдон ашабы?

Жазылуу
АКШ валютасы дээрлик бир сомго кымбаттады

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Доллардын курсу 22-октябрдан тарта өсө баштады. Сатып алуу 1,25 сомго кымбаттаса (бүгүн 69,6 сом), сатуу 1,4 сомго (бүгүн 69,95 сом) көтөрүлгөн.

Улуттук банк доллардын курсун турукташтыруу үчүн 8чи жана 10-ноябрда 22,55 миллион долларды сатыкка чыгарган.

Доллардын куну эмнеден улам өсүп жатканын жана мындай абал өлкөгө кандай таасир бериши мүмкүндүгүн Sputnik агенттиги билип көрдү.

Доллар 75 сомго чейин чыгат

Бензин кучуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бензин калбай калабы? Күйүүчү май рыногундагы дүрбөлөң
Соода-өнөр жай палатасынын өнөр жайы саясаты комитетинин төрагасы Кубат Рахимов доллардын өсүү себептеринин бири катары Россия учурда рублдун курсун арзандатып жатканын атады. Анын айтымында, рублдин арзандашынын таасири кыйыр түрдө болсо да сомго тийип жатат. Казакстандын чек арасындагы көйгөйдөн улам товарлардын өтпөй жатышы экинчи себеп болууда. Бул өз кезегинде валютанын агымына терс таасир тийгизип, анын таңкыстыгын жаратып келет.

"Эгер соода-транзиттик көйгөй чечилбесе доллардын курсу дагы өсөт деп ойлойм. Жок дегенде 5-6 пайызга жогорулайт. Эң жогорку курс 75 сомго чыгышы мүмкүн. Улуттук банк дагы интервенция жасайт, ал турган иш. Бирок дароо кымбаттоого ички дагы, тышкы дагы күчтөр жол бербейт", — деди Рахимов.

Доллар арзандап кетиши да ыктымал

Доллардын кымбатташына кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй таасир бергенин Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев белгиледи.

"Доллардын эң көп дегенде 70 сомго чыгышы мүмкүн. Андан өйдө кеткенде анын таасир товарларга тиет. Интервенция жүрүгүзүүгө Улуттук банкта жетиштүү каражат бар", — деди Акенеев.

Эксперт ошондой эле доллардын курсу түшүшү да мүмкүн деген божомол бар экенин кошумчалады.

Улуттук банк эмне дейт?

Улуттук банк доллардын кымбатташы ички сезондук фактор экенин билдирди. Ушу тапта чет элдик валютага болгон талап жогору.

"Дагы бир жолу эскерте кетсек, белгиленген учурда бирдей шартта доллардын курсу жогорулап дагы, төмөндөп да кетиши ыктымал. Доллардын курсу рынокко карата аныкталгандыктан божомол жасай албайбыз", — деп Улуттук банктан билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-ноябрда Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Кулматов президентке чет элдик валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жолго коюу үчүн жасалып жаткан аракеттер боюнча маалымат берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0