MegaCom Елена Нагорнаяга сатылбай калды

Жазылуу
КР өкмөтүнө тиешелүү компания 25-август күнү сатыкка коюлган

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиялык Елена Нагорная менен "Альфа Телеком" ЖАКынын (MegaCom соода маркасы) 100 пайыз акциясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулгандыгын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан билдиришти.

Тараптар бир чечимге келе албагандыктан, бүгүнтөн тарта сүйлөшүүлөргө чекит коюлду.

Бир нече ийгиликсиз аукциондон кийин Елена Нагорная компаниянын акцияларын сатып алуу ниетин билдирип, сүйлөшүүлөр башталган. 

Эске салсак, КР өкмөтүнө тиешелүү компания 25-август күнү сатыкка коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0