Жаңы 2 миң сомдук банкнота колдонула баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация новой 2000 сомовой купюры
Презентация новой 2000 сомовой купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы акча тигинен жасалгаланган. Анда Манастын эстелигинин сүрөтү түшүрүлүп, эпостон үзүндү жазылган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эстелик катары чыгарылган жаңы 2 миң сомдук банкнота колдонула баштаганын Улуттук банктан билдиришти.

Жаңы акчанын нумизматикалык баасы бар, ошол эле учурда кадимки соода-сатыкта катардагы акча катары да колдонууга болот. Бул Кыргызстандын тарыхында эстелик банкнота катары чыгарылган биринчи акча. Ал канча тираж менен чыгарылганы боюнча маалымат жок.

"Жаңы акчаны Улуттук банктын Үмөталиев 101 дарегинде жайгашкан кассаларынан жана коммерциялык банктардан сатып алып, же алмаштырып алууга болот", — деп айтылат маалыматта.

Бирок коммерциялык банктар аларда жаңы акчалар жок экенин билдиришти.

Жаңы акчада мамлекеттин түптөлүшү чагылдырылган. Негизги сюжет катары Манастын эстелиги менен эпостон алынган цитаталар колдонулган. Акчанын башкы бетинде Умай эне белгиси бар. Андан сырткары, башка коргоочу элементтер камтылган. Купюраны жантайыңкы кылып караганда 25 деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0