Коньяк, шарап жана сырага карата акциз кымбаттады. Баага таасир этеби?

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПродажа водки в магазинах Омска
Продажа водки в магазинах Омска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы бир катар спирт ичимдиктерине карата акцизди көтөрүү боюнча документке кол койгон

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү премьер Сапар Исаков бир катар спирт ичимдиктерине карата акциздин баасын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомуна кол койду.

Документ кол коюлгандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет. Акциз баасы жогорудай турган ичимдиктер төмөндө:

— курамында спирти көп суусундуктар менен бальзамдар — 60 сомдон 70 сомго чейин;

— шарап жасалчу материалдар — 3 сомдон 4 сомго чейин;

— шарап — 9 сомдон 12 сомго чейин;

— идишке куюлган жана куюлбаган сыра — 14 сомдон 17 сомго чейин;

— спирти аз ичимдиктер — 60 сомдон 70 сомго чейин;

— коньяк (коньяк спиртинен башкасы) — 42 сомдон 52 сомго чейин;

— газдалган шарап (шампан) — 34 сомдон 45 сомго чейин.

Жүзүм ширесин даярдап чыгаруучу завод кайрадан иштей баштады - Sputnik Кыргызстан
Баткен: коньяк менен жүзүм ширесин даярдоочу завод кайрадан иштей баштады
Кыргызстандын Салык кызматы бул кадамды ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө акциз баасы бирдей болушу керектиги менен түшүндүрдү. Биримдиктин ичинен Кыргызстанда акциздин баасы эң төмөн.

Спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев акциздердин көтөрүлүшү баага түздөн-түз таасир берерин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Мисалы шарапка карата акциздин баасы 9 сомдон 12 сомго чейин көтөрүлүшү анын наркынын 1-1,5 сомго чейин кымбатташына алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0