Тажикстанга Кыргызстандан жылына 100 миң тонна күйүүчү май мыйзамсыз өтөт

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куюлган канистрлер. Архив
Күйүүчү май куюлган канистрлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүүчү май ташыган ири унаалар Баткен — Исфана жолу менен өтүп, жолдун сапатына да терс таасирин тийгизүүдө.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандан Тажикстанга жылына 100 миң тонна күйүүчү май аткезчилик жол менен өтүүдө. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, Баткендин Лейлек районунун күйүүчү майга болгон керектөөсү жылына 25 миң тоннаны түзөт.

"Бирок аймакка жыл башынан бери 150 миң тонна күйүүчү май кирген. Анын 30 миң тоннасы мыйзам чегинде экспорттолгон болсо, калган 95миң тонна аткезчилик менен такталбаган аймактан Тажикстанга өтүшү мүмкүн", — деди Бекмуратов.

Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көмүр менен күйүүчү-майлоочу майдын баасы тыкыр көзөмөлдөнөт
Буга байланыштуу өткөн жылы аткезчиликке каршы тийишттүү кызматтардан комиссия түзүлүп көзөмөл күчөгөн. Натыйжада салыктын көлөмү былтыркыдан 16 миллион сомго көп чогулганын комиссия мүчөсү, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы райондор аралык бөлүмүнүн башчысы Жунусали Жалилов билдирди.

"Былтыр 10 ай ичинде 26 миллион сом салык жыйналса, быйыл 43 миллион сомду түздү. Мындан сырткары, мыйзамсыз күйүүчү май ташып жаткан 14 унаага кылмыш иши козголгон", — деди Жалилов.

Анын айтымында, күйүүчү май ташыган ири унаалар Баткен — Исфана жолу менен өтүп, жолдун сапатына да терс таасирин тийгизүүдө. Күйүүчү майга өлкө аймагында жетишсиздик байкалган учурда аткезчиликке каршы күрөшүү чараларын күчөтүү зарылчылыгы бар экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0