Кытай Ысык-Көлдү айланта салынчу жолду каржылоо маселесин карап көрөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев16-ое заседании Совета глав Правительств государств-членов Шанхайской организации сотрудничества (СГП ШОС)
16-ое заседании Совета глав Правительств государств-членов Шанхайской организации сотрудничества (СГП ШОС) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Кытай соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга насыя алуу керек
Ага ылайык, жолугушуу Сочи шаарында өткөн.

Белгилей кетсек, Исаков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 16-жыйынына катышуу үчүн келген

Исаков Ли Кэцянды Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетине мүчө болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

"Кытай Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет. Биз эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө жана чыңдалышына кызыкдарбыз", — деди премьер.

Өкмөт башчысы ошондой эле Си Цзиньпиндин Жибек Жолунун Экономикалык алкагын түзүү демилгесин Кыргызстан колдой турганын баса белгиледи. Андан сырткары, бүгүнкү күнү Кыргызстан Кытай менен биргеликте транспорт, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешип иш алып барып жатканын айтты.

Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Россия жана Кытай менен мамилени бекемдейбиз
Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде талкуулоону талап кылган маселелер бар экенин белгиленди. Анын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу бар.

Исаков ошондой эле Кыргызстан Ысык-Көлдүн айланасын курчай курула турчу жолду каржылоого Кытай тарап жардам берет деп ишеним артып жатканын кошумчалады. Андан сырткары, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланышты арттыруу үчүн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүү зарылдыгын айтты.

Өкмөт башчы ошондой эле автожеткирүүчүлөр менен Кыргызстандын жарандарынын Кытай визасын алуу маселесине көңүл бурду.

"Жарандардын катташы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнүн негизин түзөт. Андыктан Кытай тарапты Кыргызстандын жарандарына виза берүү процедурасын жеңилдетүүнү карап көрүүнү суранабыз", — деди Исаков.

Өз кезегинде Ли Кэцян Кытай менен Кыргызстан тең укуктуу өнөктөш жана жакшы кошуналардан экенин айтты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: чек ара боюнча жол картаны декабрь ичи даярдайбыз
Андан сырткары, Кытай тарап Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Ал эми Кыргызстандын жарандарына Кытайдын визасын берүүнү жеңилдетүү аракеттери эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде каралышы керектигин кошумчалады.

Ли Кэцян сөзүнүн аягында Сапар Исаков айткан Ысык-Көлдү айланта салынчу жолду каржылоо жана кыргыз-кытай инвестициялык фондусун түзүү сыяктуу маселелерди Кытай тарап тыкыр карап чыгарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0