Кызыл кулактарга алданбагыла! Өкмөт көмүрдүн чекене баасын аныктады

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАрхив: Уголь
Архив: Уголь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча эң кымбат көмүр Баткен облусунда сатылууда, бир тоннасы 7600 сом. Ал эми борбор калаадагы ишкерлер кара алтындын тоннасын 3,9-4 миң сомго баалап жатат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын ар кайсы жеринде көмүрдүн чекене баасы кандай болушу керектигин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аныктап чыгып, расмий сайтына жарыялады.

Эске салсак, ноябрь айында өкмөт өлкө аймагында кара алтындын баасын үч ай бою жөнгө салып туруучу токтомго кол койгон.

Буга ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине ар бир облустун райондорунда, Бишкек жана Ош шаарларында көмүрдүн сортуна карап чекене баанын чегин белгилөө тапшырмасы берилген.

Төмөндө жер-жерлерге жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен кайсы аймакта көмүр канча сомдон жогору сатылбашы керектиги аныкталды.

Бишкек

"Кара-Кече" тандалма (Кыргызстан)— 4000 сом
Шабыркөл (Казакстан) — 3900 сом
"Кара-Кече" (орто жана майда) — 3800 сом

Чуй облусу

Шабыркөл (Казакстан) — 3900 сом
Кара-Жыра (Казакстан) — 4000 сом

Ысык-Көл олбусу

Кара-Кече, Миң-Куш (Кыргызстан) — 5700 сом
Шабыркөл (Казакстан) — 6500 сом
Кара-Жыра (Казакстан) — 6500 сом

Талас облусу

Кара-Кече (Кыргызстан) — 5700 сом
Экибастуз (Казакстан) — 6400 сом
Шабыркөл (Казакстан) — 6700 сом
Кара-Жыра (Казакстан, Жалбыл) — 6700 сом
Кара-Жыра (Казакстан, Маймак) — 5600 сом

Нарын облусу

Кара-Кече (Кыргызстан) — 4250 сом
Турук (Кыргызстан) — 2250 сом

Жалал-Абад облусу

Маркай (Кыргызстан) — 6 080 сом
Тегене (Кыргызстан) — 6 060 сом
Кара-Кече (Кыргызстан) — 5 940 сом

Баткен облусу

Сүлүктү (Кыргызстан) — 7600 сом
Самаркандек (Кыргызстан) — 5500 сом

Ош облусу

Жергиликтүү көмүр — 4700 сом
"Кожокелен" (Кыргызстан) — 4500 сом
"Пэрити Коал" ЖЧКсы — 6000 сом

Ош шаары

"Пэрити Коал" ЖЧКсы — 5200 сом

Жаңылыктар түрмөгү
0