Ош облусунан он ишкер Кытайга бир тонна бал жөнөтүп турат

Жазылуу
Кара-Кулжа районундагы он балчынын гана продукциясы алынат

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ош облусундагы балчылардын продукциясы Кытайдын дүкөндөрүндө да сатыкка коюлат. Бул тууралуу "АгроЛид" коомдук бирикмесинин менеджери Нургүл Таштанова билдирди.

Быйыл жергиликтүү балчылар Кытайга 700 килограммдан ашык продукция жөнөткөн. 2018-жылы бир тоннадан ашык бал жөнөтүү пландалууда.

Таштанованын айтымында, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы он балчынын гана продукциясы алынат, долбоор ушунусу менен өзгөчө.

Долбоордун башкы максаты балчылардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, эспарцет балын өндүрүүнү өнүктүрүү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0