Кыргызстандын дагы 42 ишканасы ЕАЭБдин реестрине кирет

Жазылуу
Ата мекендик бир катар компаниялар өндүргөн товарларын чет жакка сатууда кыйынчылыкка дуушар болуп келет

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. ЕАЭБдеги ишканалардын бирдиктүү реестрине Кыргызстандын дагы 42 ишканасын кошуу пландалып жатканын Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аркадий Дворкович журналисттерге билдирди.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп
Бишкекте Кыргыз-орус аймактар аралык алтынчы конференция өтүп жатат. Ага мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда. Жыйында ата мекендик ишканалардын өндүргөн продукциялары стандартка туура келбегендиктен кайтарылып жаткандыгы, бул маселе качан чечилери боюнча суроо узатылган.

Дворковичтин айтымында, мындай маселенын чыгышына ЕАЭБдин жаңы түзүлгөнү жана кыска мөөнөттө жалпы стандарттарды түшүнүүгө убакыттын аздыгы сеьеп болгон. Ал көйгөйлөр жаралбашы үчүн тезинен чараларды көрүү керектигин кошумчалады.

"Түзүлгөн көйгөй убактылуу деп ойлойм, ал да чечилет. Дагы 42 ишкананы киргизүүнү пландап жатабыз (ЕАЭБдин бирдиктүү реестри – ред.)", — деди ал.

Кыргызстандын вице-премьери Толкунбек Абдыгулов сертификациядан өтө турган ишканалардын санын көбөйтүү жана продукцияларды текшерүүсүз ташуу маселеси Дворкович менен болгон тар чөйрөдөгү жолугушууда дагы көтөрүлгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0