Мигранттардын КРге которгон акчасы дээрлик жарым миллиард долларга өстү

© AFP / ROSLAN RAHMANАКШ долларларын санап жаткан адам. Архив
АКШ долларларын санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар кайсы маалыматтарга караганда, чет жактарда миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары ушул жылдын он айында Кыргызстанга 2 миллиард 88,73 миллион доллар которгонун Улуттук банктан билдиришти.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Былтыркы жылдын ушул аралыгында бул сумма 1 миллиард 615,11 миллион доллардан бир аз ашкан. Тагыраак айтканда, быйылкы которулган каражаттын көлөмү 468,73 миллион сомго өстү.

Россиядан — 2 миллиард 44,43 миллион доллар (былтыркы жылдын ушул убагында — 1 миллиард 590,63 миллион), калган сумма Казакстан жана алыскы чет өлкөлөрдөн кирген.

Ар кайсы маалыматтарга караганда, чет жактарда миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0