Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү?

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в Кыргызстане
Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азык-түлүк баасы, доллардын куну жана чек арадагы кырдаалдын кесепети. Sputnik Кыргызстандын редакциясы узап бараткан жылдын экономикалык жыйынтыгын чыгарат.

Мамлекеттин гана тургай, ар бир жарандын турмушу экономикадан көз каранды. Sputnik Кыргызстандын жыйнытык пикири — утурлама маалымат, жыл соңуна чыга элек болгондуктан толук маалымат элге жарыялана элек.

Сом менен доллар

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы валюта курсу
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы валюта курсу
Быйыл оош-кыйышы менен болсо да доллар улуттук валютага карата өз ордун бекемдеп барат. Экспорт-импорт боюнча эсептер доллар менен жүргүзүлгөндүктөн, бул маанилүү көрсөткүч. Башкача айтканда, чет элдик валюта кымбаттоодо, сырттан келген товарларга (биздин дүкөндөрдүн текчелеринде импорттук продукция басымдуулук кылат) болгон баа да асмандап барат. Бул биздин экспортчуларга жагымдуу жагдай, себеби, чет элдиктерге биздин өндүрүмдөр арзан түшөт. Доллар "арзан" болуп турганда баары тескерисинче болот.

Кыргызстандын тургундарынын жаш курагы жүз кишинин мисалында алынды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы ар бир үчүнчү жаран — бала. Өлкө тургундарынын жашы кандай
1-январда бир доллардын баасы 69,23 сом турса, апрелдин аягында америкалык акча арзандап – 67,13 сом, бирок кайра 14-декабрда 69,74 сомго чыкты. Улуттук банктын маалыматы ушундай. Ошентип эсептей келсек, доллар жыл ичинде 51 тыйынга кымбаттаган. Валюта кунунун өсүшүн Улуттук банк жайгарып келе жаткан интервенциялар (сомдун кунун кармап туруу амалдары) да тастыктайт. Каржылык жөнгө салгыч быйыл чет элдик валюта арзандаган убакта 34,5 миллион долларды сатып алган, кийин америкалык акчанын жогорулашын тизгиндөө үчүн 81,5 миллион долларды сатыкка чыгарган.

Инфляция

Экономикалык өнүгүүнүн башка бир көрсөткүчү — бул инфляция же улуттук валютанын кунунун нарксызданышы. Нөлдүк инфляция же тескерисинче, валютанын күчтөнүшү сатып алуучуларга пайдалуу, бирок аны менен бирге доллар куну экспортчуларды убайымга салат. Ошондой эле Кыргызстандан сыртка өндүрүмдөр негизинен Казакстанга жана Россияга ташылгандыктан, улуттук валюта тезирээк нарксызданарын эске алуубуз кажет. Мындай шартта кыргыз товарлары рубль же тенге менен алганда кымбаттай түшөт.

Керектөөчүлүк сектордо (керектөөчүлүк баалардын индекси, Улуттук статкомдун маалыматы) инфляция 11 ай аралыгында 2,9 пайызга жогорулаган.

Азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу майдын баасы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМай куюучу жайдын кызматкери
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү? - Sputnik Кыргызстан
Май куюучу жайдын кызматкери
Күйүүчү-майлоочу майдын баасы өстү. Азыр АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин литри 43,5 сом (жыл башында 42 сом эле), АИ-92 – 40,6, (39,5) сомдон сатылып, дизелди 39,1 (36,5 сом) сомго ала аласыз. 

2017-жылы күйүүчү-майлоочу майдын баасы кандай өзгөрдү, сом менен
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү? - Sputnik Кыргызстан
2017-жылы күйүүчү-майлоочу майдын баасы кандай өзгөрдү, сом менен

Бодо мал эти да кымбаттады. Базарда уй этинин килосу 300-340 сомго чыкты, былтыр 270-340 сом болчу.

Ундун баасы 1-2 сомго арзандаганы менен айрым базарларда баа мурдагы эле боюнча. Кумшекердин баасы кыйла төмөндөдү, килосу — 10 сомго арзандаганын көрүүгө болот. Өсүмдүк майынын баасы өзгөргөн жок.

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

Акцизы на бензин и дизельное топливо повысили с 1 апреля - Sputnik Кыргызстан
Май куюучу жайлар кардарларды кантип алдайт? Мурун иштеп кеткендер сыр ачты
Ички дүң продукт өлкөдө жыл ичинде өндүрүлгөн бардык товарлардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын рыноктогу баасын көрсөтөт. ИДП өскөнүнө жараша мамлекеттик бюджетке төгүлгөн салыктын да көлөмү чоңоет.

Бул жылдын 11 айында ИДП көлөмү 430,1 миллиард сомду түздү, башкача айтканда, былтыркы жылдын дал ушул маалына салыштырганда 4 пайызга өскөнүн Экономика министрлиги менен Улуттук статком белгиледи.

Ийгиликсиз ири инвестициялар

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCom уюлдук операторун сатуу
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү? - Sputnik Кыргызстан
MegaCom уюлдук операторун сатуу
Аяктап бараткан жылы Гидроэлектрстанциялардын Жогорку Нарын каскады машакаттуу долбооруна инвестор табылгандай өңдөнгөн.

Чехиялык Liglass Trading CZ, SRO компаниясы бул өтө зарыл станцияларды курууга 500 миллион долларга чейин каражат саларына ынандырган. Бирок ал ишкана 37 миллион доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү да төлөөгө кудурети жеткен жок.

Бул акча мурдагы инвестор — "РусГидро" ишканасына болгон карызды жоюуга жумшалмак. Келишим бузулган эле. Жаңы кубаттуулуктарды куруу маселеси абдан маанилүү экендигин белгилейли, себеби, электр энергиясын иштеп чыгуу жана керектөө теңделип калды. Ал эми суу тартыш жылдары өлкө киловаттарды сырттан ала баштаган.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп
"Альфа Телеком" ЖАКтын 100 пайыз акциясын сатуу аракетинен да майнап чыкпады. Бийлик Ысык-Көлдүн тегерегиндеги айланма жол, Балыкчы — Корумду трассасы, "Коопсуз шаар" долбоору мамлекетке таандык болгон "Альфа Телеком" ЖАКтын сатылышынын эсебинен ишке ашырууну пландаган. Аталган ишкананы бир нече ирет "кудалаган" менен кардары төп келе элек. Быйыл эки ирет аракет жасалды. Жайында 13,5 миллиард сомдук баштапкы баасы менен аукцион пландалган. Бирок эч бир тапшырык түшпөгөндүктөн, өткөрүлбөй калган.

Августтун аягында уюлдук оператор 14,5 миллиард сомго бааланып, түз соодалоого чыгарылган. Бир гана – РФ жараны Елена Нагорнаядан тапшырык түшкөн.

Бирок 15-октябрда сүйлөшүүлөр токтотулган. Себеби, россиялык ишкер айым кийин сатып алуу ниети менен адегенде аны компаниянын жетекчилигине кошууну сунуштаган. Бул КР мыйзамдарына каршы келет — каражат келишимге кол коюлгандан тарта үч ай ичинде төлөөнүүгө тийиш болчу.

Инвестициялар

Дагы бир маанилүү жагдай — экономикага инвестициялоо, жаңы ишканаларды түптөө, жумушчу орундарын жаратуу. Быйылкы жылдын 10 айында тышкы түз инвестициялар 9,5 миллиард сомду түзгөнүн, бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2,1 миллиардга көп экендигин Улуттук статком билдирет. Ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду да (каражаттар Россия тарабынан бөлүнөт) активдүү иш алпарууда, соңку 11 айда жалпы 83 миллион долларга долбоорлор жактырылган.

Чек ара көйгөйү

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргыз-казак чек арасындагы айланма жолдо кезек күтүп турган фуралардын тыгыны
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү? - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы айланма жолдо кезек күтүп турган фуралардын тыгыны
10-октябрдан декабрдын башына дейре кыргыз-казак чек арасында көйгөй жаралып, жүздөгөн жүк ташуучу унаалар, анын ичинде тез бузулуучу азыктар жүктөлгөндөрү да бир нече күндөп кезекте турушту. Эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүлөрүнөн соң жүк ташуучу фуралар убактылуу өткөрүлө баштады

Чек арадагы абал Казакстан менен болгон товар айлантууга кандай таасир берди, млн. доллар менен
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү? - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы абал Казакстан менен болгон товар айлантууга кандай таасир берди, млн. доллар менен

Тышкы соода боюнча маалыматтар ачык булактардын көпчүлүгүндө сентябрга карата гана бар. Ал эми Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтындагы маалыматтарга таяна турган болсок, быйыл октябрда Казакстан менен болгон товар айлантуу 64 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айындагыга салыштырмалуу 81,7 миллионго аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0