БУУнун азык-түлүк уюму Кыргызстандын айыл чарбасына 50 млн. доллар бөлөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл жеринде айыл чарбага байланышпаган тармакта киреше алуу оор экенин ФАОдон билдиришти

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) беш жыл кызматташуу боюнча документке кол койду.

Кыргызстандын атынан документке айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, ФАО тараптан аталган уюмдун КРдеги өкүлү Жоржи Кинлай кол койду.

Келишимдин негизги багыттары: тамактанууну жакшыртуу, айыл жеринде жакырчылыкты жоюу, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө көнүшүү болуп эсептелет.

"Беш жылда болжол менен 50 миллион доллар бөлүнөт. Негизинен биз техникалык жактан жардам берип, кеп кеңештерди беребиз. Ошол эле учурда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн бардык керектүү нерселерди алабыз", — деп Кинлай Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

ФАОнун билдиришинче элет жеринде айыл чарбага байланышпаган тармакта киреше табуу кыйын, андыктан дал ушул тармакты өнүктүрүү керек. Ошол эле учурда өлкө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0