Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун маршруту апрель айына чейин түзүлөт

© Sputnik / Алексей Фурман / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курула турган темир жол Кытайда өндүрүлгөн товарларды Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгышка Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу ташууга шарт түзөт

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстантын ортосундагы темир жолдун маршруту келе жаткан жылдын апрель айында даяр болорун Тарнспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай чечим Ташкент шаарында үч өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жорлугушууда кабыл алынды.

"Делегация башчылары аталган долбоорду ишке ашырууга билек түрө киришип, так даталарын белгилешти. 2018-жылдын апрель айында кийинки жыйын болот. Ага чейин жолдун маршрутун толугу менен түзүп бүтүшүбүз керек", — деди Өзбекстандагы кыргыз элчиси Данияр Сыдыков.

Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ушул ишембиде Бишкек — Ташкент туруктуу аба каттамы ачылат
Анын айтымында, келе жаткан август айында долбоордун техникалык-экономикалык негиздери, ал эми жылдын аягына чейин финансылык маселеси чечилмекчи.

Белгилей кетсек, курула турган темир жол Кытайда өндүрүлгөн товарларды Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгышка Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу ташууга шарт түзөт. Бул Кытай жүктөрүн Европа биримдигине жеткирүүчү эң кыска жол болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0