Казакстан Кыргызстанга 200 млн. теңге гуманитардык жардам бөлдү

Жазылуу
Гуманитардык жардам Кыргызстандан тышкары дагы эки мамлекетке жөнөтүлөт

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Казак өкмөтү Сирия, Тажикстан жана Кыргызстанга гуманитардык жардам берүү үчүн 662 миллион теңге бөлдү.

Тийиштүү буйрукка 2017-жылы 20-декабрда кол коюлуп, казак өкмөтүнүн маалымат-укуктук порталына жайгаштырылган. 

Документке ылайык каражат төмөнкүдөй бөлүнөт:

— Тажикстанга 276 миллион 790 миң теңге;

— Кыргызстанга 200 миллион 281 миң теңге (41,5 миллион сомго же 601 миң долларга жакын);

— Сирияга 185 миллион 317 миң теңге.

Ушул эле документте Казакстандын коргонуу жана аэрокосмикалык өнөр жай министрлигине өлкө аймагында жана коңшу мамлекеттердеги жаратылыш, ошондой эле техногендик кырсыктардын алдын алуу үчүн 662 миллион 689 миң теңге бөлүнө турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0