Январда газдын баасы арзандады

© AP Photo / Joerg SarbachОтключение газа в Бремене
Отключение газа в Бремене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-январга катара доллардын расмий курсу 68,83 сомду түздү

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айына карата газдын баасы калк үчүн бир куб метри 14,42 сом деп аныкталды. Ал эми өнөр жай, коммерциялык ишканалар менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алуу менен бир куб метри 17,67 сом болгонун "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, декабрь айында газ калк үчүн 5 тыйынга (14,47 сом), ишканалар үчүн 7 тыйынга (17,74 сом) кымбатыраак болчу.

Газдын баасы Улуттук банктын айдын башында аныктаган доллардын курсуна жараша коюлат. 1-январга карата доллардын расмий курсу 68,83 сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0