Кыргызстандын дагы 15 ишканасы Казакстанга продукция киргизет. Тизме

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМясоперерабатывающий комбинат "Кубань" в Краснодарском крае
Мясоперерабатывающий комбинат Кубань в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЕАЭБдин реестрине кыргызстандык 28 ишкана кирген

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандык дагы 15 компания өз продукцияларын Казакстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк алды. Бул туурасында Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган инспекциянын сунушу менен Кыргызстандын 15 ишканасы ЕАЭБ реестрине киргизилип, Казакстандын ветеринардык кызматы аларга өз аймагына продукция алып кирүүгө уруксат берди.

"15тин ичинен үчөө — эт иштетүү, төртөө — балык иштетүү, жетөө — бал өндүрүү жана бири — улуттук суусундуктарды жасоо менен алектенет", — деп айтылат билдирүүдө.

Алар:

— "Баркад" ЖЧКсы;

— "Салих ЛДТ" ЖЧКсы;

— "Адал азык" ЖЧКСы ("Тойбосс" соода маркасы);

— "Аквафонд — К" ЖЧКсы;

— "Аква Пром" ЖЧКсы;

— "Медовая Артель" ЖЧКсы;

— ЖИ Галиев Асхат Абдулаевич;

— "Ак-Куу+Ош" ЖЧКсы;

— "Аман Гринфуд" ЖЧКсы;

— Ош облустук балчелекчилер коому;

— ЖИ Юсупов Музаффар;

— "Эко Раки" ЖЧКсы;

— "Шоро" ЖАКы;

— ЖИ "Стрижко";

— "Аква Сервис" ЖЧКсы.

Эске салсак, буга чейин ЕАЭБдин реестрине кыргызстандык 28 ишкана кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0