Абдыгулов: Улуттук банктын резервдери жаман эмес

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү
Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Абдыгуловду кабыл алып жатканда банк системасына көбүрөөк көңүл бөлүү зарылдыгын айтты

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Улуттук банктын резерви 2 миллиард 182 миллион долларды түзүп, бул келечекке ишеним жаратат. Мындай маалыматты аталган банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алганда айтты.

Абдыгулов Улуттук банктын макроэкономикалык абалдын туруктуулугун камсыздоо, улуттук валютанын туруктуу курсун сактап туруу, банктык жана төлөм системасынын коопсуздугун сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралары тууралуу айтып берди.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар Кыргызстанга которгон каражат жарым миллион долларга өстү
Ал мындан аркы иштер дүйнөлүк банктардын тажрыйбасын эске алып кабыл алынган банк тармагындагы жаңы мыйзамдык актыларды кеңири пайдалануу жаатында да болорун маалымдады.

Жээнбеков өлкөдөгү финансылык-насыялык мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иш алып баруу зарылдыгын белгилеп, улуттук валютанын туруктуулугун колдоого басым жасады.

Мамлекет башчысы Улуттук банктын жана аталган тармактагы жалпы системанын башкы багыты катары банк инфратүзүмүн өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Облустарда ПОС-терминалдардын, банкоматтардын санын көбөйтүү жана нак эмес төлөмдөрдүн көлөмүн арттыруу керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, пайыздык чендерди, экономикадагы дедолларизацияны азайтуу, аны менен бирге эле элге узак мөөнөттүү насыяларды берүүнүн жол-жоболорун иштеп чыгуу талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0