Талас мэриясы коммуналдык техниканы 13 млн. сомго сатып алат

Жазылуу
12-январда жарыяланган тендердин мөөнөтү 5-февралда аяктайт

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Талас шаарынын мэриясы таштанды ташуучу унааларды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка карганда, мэрия унаалар үчүн 13 миллион 473 миң 146 сом сарптоого даяр.

Тендер 12-январда жарыяланып, мөөнөтү 5-февралда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0