BMW X5 — 5,5 миң доллар. Кыргызстандагы эң ири унаа базарындагы баалар

© AP Photo / David ZalubowskiBMW X5 автоунаалары. Архив
BMW X5 автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмнеге экинчи колдон унаа сатып алуу алдаканча арзандаганын, жакынкы аралыкта баалардын өсүш же төмөндөө көрсөткүчү кандай болорун Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова окурмандар үчүн тактап билди.

Аба-ырайынын шарттары, чилде, дем алыш күнү төшөккө чүмкөнө узагыраак жата турууну каалаганыбызга карабай, ар жекшембиде миңдеген кыргызстандыктар өлкөнүн эң ири унаа базарына агылат.

© Sputnik / Светлана ФедотоваКрупнейший авторынок страны РИОМ
Крупнейший авторынок страны РИОМ - Sputnik Кыргызстан
Крупнейший авторынок страны РИОМ

Ал жактагы жол тыгынын азайтуу үчүн жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖККБ) үч унаасы иштейт. Сатуучулар инспекторлорду да көзгө илбей унааларын жолдун бөлүүчү тилкелерине деле токтото берет.

Унаа базарга кириш үчүн кардарлар абдан тайгак жолдон өтүшөт. Жөө жүргүнчүлөр үчүн тилке жасалбагандыктан, кар тапталып бүткөн кууш тилке кишини буттан чала жыга турган көк жылгаякка айланган.

© Sputnik / Светлана ФедотоваСкользкая дорога на крупнейшем авторынке страны РИОМ
Скользкая дорога на крупнейшем авторынке страны РИОМ - Sputnik Кыргызстан
Скользкая дорога на крупнейшем авторынке страны РИОМ

Азыр унаа базары тосмосунан аша айланасы бир канча кварталга кеңейген. Бул соода аянтында 25 миң сомго "Москвич 412" жана 3,5 миң долларга Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унааны да сатууга аракет кылышат. Баалардын мындай айырмасы сатуучуларды чочутпай тургандыгына соодагерлердин ишеними күч.

"Бир дем алышта кардарлар байкап, баалоого келишет, эгер өз көңүлүнө, чөнтөгүнө сапаты менен төп келишкен унаа таап калса, сатып алат", — деди унаа сатуучу Нуртилек Баетов.

Соодагер кыштын кыраан чилдесинде майды аз ичкен автолор бир нече жүз долларга арзандаганын айтат. Анын айтымында, мындай кырдаал бир топ жылдан бери дал ушул мезгилде кайталанып келет.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машиналар эки эсе арзандайт. Унаа базарынын жаңы доору тууралуу
"Мында мезгил абдан чоң мааниге ээ. Баары элдин күздө акчалуу болушуна көнүп калган, ошондуктан сатуучулар бааны көтөрүшөт. Кышында майрамдардан кийин сатып алуучулар азаят. Андан улам унаа баасы төмөндөйт",— деди ал.

Айткандарына далил катары соодагер бүгүнкү күндө базардан 2003-жылы чыгарылган Honda Fit унаасын 3 900 долларга табууга болорун белгилейт. Ушундай эле үлгүдөгү, жакшы абалдагы унаа күзүндө 4500 доллар турчу. Бирок сатуучунун айтымында, баалардын төмөндөшү да сатыктын өсүшүнө таасирин тийгизбейт.

"Азыр элде акча жок. Мен, мисалы, май аз ичкен төрт унааны сатыкка чыгардым, атургай, баасын да түшүрдүм, бирок бир ай бою эч бирин сата албадым. Жазында кайра көтөрүлөт, бул үлгүдөгү унаалардын баасы 4000 доллардан жогору болот окшойт", — деди Баетов.

Сатуучу Бакыт Ибраимовдун пикиринде, аз май ичкен машиналардын баалары гана арзандады. Кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан көп болгон автолордун наркы мурдагы калыбында.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан K4 жана K5 классындагы бензинге качан өтөт. ЕЭКтин жообу
"Азыр эл көп сатып алган машиналардын баалары гана кымбаттайт. Орто класстагы автолордун акысы дээрлик өзгөрбөйт. Соодагер бааны түшүрүп бере алат, бирок бул сатуучунун өзүнөн көз каранды. Бир жигит акчага муктаж болуп турган экен, 2003-жылкы BMW X5 унаасын текейден арзан кармата берди. Болгону унаасы бир аз урулуптур, бирок жүргөнү жакшы. Шашкандыктан, автосун 5,5 миң долларга сатты", — деди Ибраимов.

Буга карабастан, орто класстагы автолор жаз алды менен 200-300 долларга көтөрүлөрүнөн соодагердин шеги жок. Сатуучу баалардын кымбатташын сезондук факторго байланыштырат.

2017-жылдын сентябрынан тарта 2018-жылдын январына чейин баалардын өзгөрүшүн даана көрсөтүү үчүн сатуучулар бул убакыт аралыгына авто баалары тууралуу маалымат беришти.

Соодагерлер автомобилдердин экинчи кол базары үчүн чочулашканын жашырышпайт. Ондогон эски машинага каражат салган Айбек Шаиров эгер 2018-жылдын декабрына дейре аларды сатып бүтпөсө, бул бизнеси кыйрай турганын айтат.

"Азыр базарга эскилеринен бир-эки эле миң долларга кымбат турган жапжаңы унаалар түшүүдө. Эски машинаны улам оңдоткондон көрө жаңысын сатып алуу ыңгайлуу эмеспи. Жаңы автолор көбөйө баштаганда эскилерди көп карабай калышат. Ошол себептен, колдо болгон машиналардын баарын тез аралыкта сатып бүткөнүбүз жакшы", — деген ойдо Шаиров.

2018-жылга карата автомобилдердин баасынын жогорулашы боюнча сатуучулар өз божомолдорунан бөлүштү. Жазгы-жайкы убакка алардын өз тутуму бар. Ага ылайык, көп сатылган унаалардын баасы 200-500 долларга көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0