Сапар Исаков Швейцарияга барып инвестиция издейт

Жазылуу
Швейцариянын Кыргызстан менен 2017-2020-жылдарга кызматташтык стратегиясынын алкагында 20 миллион швейцардык франк бөлүнөт

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жакынкы арада өкмөт башчы Сапар Исаков Швейцарияга жумушчу сапары менен барып, кошумча инвестицияларды тартуу максатында бир катар жолугушууларды өткөрөт. Бул туурасында Исаков аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Вероника Ульман менен жолукканда айткандыгын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Рабочий визит премьер-министра Кыргызстана Сапара Исакова в Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Премьер Исаков өзбекстандык кесиптеши менен телефондон кызматташууну талкуулады
Элчи Ульман Швейцариянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилесин мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирип, көптөгөн тармактарда кызматташтык жолго салынып калгандыгын белгиледи.

Элчинин айтымында, Швейцариянын Кыргызстан менен 2017-2020-жылдарга кызматташтык стратегиясынын алкагында жыл сайын 20 миллион швейцардык франк бөлүнөт.

Исаков элчи менен соода-экономикалык активдүүлүк, мамлекеттик тармактагы жана инфраструктурадагы реформалар, жеке секторду өнүктүрүү, суу ресурстарын башкаруу, тынчтыкты жана демократияны куруу маселелерин талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0