Мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени качан төмөндөй турганы айтылды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан турак үй. Архив
Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджеттик эмес тармакта иштегендерге дагы пайыздык чендерди төмөндөтүү маселеси каралды

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бүгүнкү күндө "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы менен берилип жаткан 8-10 пайыздык ипотекалык насыя жарандардын айрым категориялары үчүн оор бойдон калууда. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алганда билдирди.

Министр менен компаниянын төрагасы жылдык пайыздык ченди 6 пайызга чейин акырындап төмөндөтүү милдетин ишке ашыруу үчүн каржы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдиришти.

"Быйыл ипотекалык насыянын пайыздык ченемин7 пайызга чейин төмөндөтүп, кийинки жылдын башында насыялар 6 пайыз менен бериле тургандай кылып аракет кылуудабыз. Учурда жети пайыздык чен менен 2017-жылы Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жабыркап, үй-жайсыз калгандар үчүн берип жатабыз. Тагыраагы, бүгүнкү күнгө чейин 7 пайыздык чен менен 345 жаранга жалпы 100 миллион сом берилди", — деди Бактыбек Шамкеев.

Жолугушуу учурунда президент бюджеттик эмес тармакта иштегендерге дагы ипотекага турак жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үйлүү болгуңуз келеби? Мамлекеттик ипотека тууралуу эмнелерди билүү керек
МИК төрагасы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен бюджеттик эмес ишканаларда иштеген жарандарга жылына 12-14 пайыз менен насыяларды берүүгө ресурстар пайда болорун айтты. Ошондой эле ал келечекте калктын бул категориясы үчүн да пайыздык чендерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү изделээрин кошумчалады.

"Жеткиликтүү турак жай" — мамлекеттик программасы социалдык программа. Ипотекалык насыялоо боюнча тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган. Биринчи кезекте бул программаны ипотекалык насыялоо менен саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын кызматкерлери колдонушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0