Финляндия Кыргызстан менен туризм жаатында кызматташууга кызыкдар болууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков бүгүн Финландиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Финландиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финляндия парламентинин депутаты Вилле Скиннари эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары катары туризм, билим берүү жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарын атады

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Финландиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун алкагында Исаков Финляндиянын демократиялык институттарды өнүктүрүү жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияларды тартуу жаатындагы тажрыйбасы кызыкчылык туудурарын билдирген.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Швейцарияга барып инвестиция издейт
Ошондой эле премьер-министр Финляндиянын билим берүү, саламаттык сактоо жана алдыңкы инновациялык технологиялар жаатындагы тажрыйбасын иликтөө үчүн ата мекендик адистерди жөнөтүүгө кызыкдарлыгын билдирген.

Ал эми делегацияны жетектеп келген Финляндия парламентинин депутаты Вилле Скиннари эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары катары туризм, билим берүү жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарын атаган.

"Жакынкы келечекте Финляндия Борбор Азия мамлекеттери менен түз авиа каттамдарды ачуу үстүндө иш алып барат, анткени аталган аймак туристтик чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ", — деп Скиннари билдирген.

Ал ошондой эле Финляндия парламенти кыргыз тараптын өлкөдөгү демократия институттарын чыңдоо жана санариптик коомду куруу демилгесин колдоого даяр экендигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0