Нарын менен Түркиянын Кастамону бир тууган облустар катары кызматташып, эки тарап экономикалык жана гуманитардык багытта нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатат

Түркия менен кызматташуу: Нарын кымыз экспорттоп, көмүр брикеттейт

217
(жаңыланган 18:44 19.01.2018)
Жакынкы жылдары көмүрдү брикеттөө боюнча жана этти кайра иштетүү комбинатын куруу, кымыз экспорттоо, жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлор талкууланган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Нарын менен Түркиянын Кастамону аймагы бир тууган облус катары кызматташып, эки тарап экономикалык жана гуманитардык багытта бир нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Нарын менен Түркиянын Кастамону бир тууган облустар катары кызматташып, эки тарап экономикалык жана гуманитардык багытта нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатат
    Нарын менен Түркиянын Кастамону бир тууган облустар катары кызматташып, эки тарап экономикалык жана гуманитардык багытта нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатат
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской области
  • Кастамону облусунун чакыруусу менен Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов башында турган делегация Түркияга барды. Тогуз адам облустук, шаардык башкаруу органдары жана жогорку окуу жайларында болуп, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп келишти.
    Кастамону облусунун чакыруусу менен Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов башында турган делегация Түркияга барды. Тогуз адам облустук, шаардык башкаруу органдары жана жогорку окуу жайларында болуп, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп келишти.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской области
Нарын менен Түркиянын Кастамону бир тууган облустар катары кызматташып, эки тарап экономикалык жана гуманитардык багытта нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатат

Кастамону облусунун чакыруусу менен Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов башында турган делегация Түркияга барды. Тогуз адам облустук, шаардык башкаруу органдары жана жогорку окуу жайларында болуп, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында нарындык дарыгерлерди квартал сайын Кастамону облусундагы медициналык клиникаларга тажрыйба алмашуу үчүн жиберүү чечилген. Андан сырткары, Нарын мамлекеттик университетинин базасында түрк тили жана маданият борборун, заманбап илимий лаборатория ачуу боюнча макулдашылып, эки калаанын достугунун урматына Нарындын борборунда достук паркы курула турган болду.

Муну менен бирге жакынкы жылдары Нарын облусунун Жумгал районуна көмүрдү брикеттөө ишканасын ачуу, этти кайра иштетүү комбинатын куруу, кымызэкспорттоо, жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлор талкууланган.

217
Белгилер:
ишкана, көмүр, Нарын облусу, Жумгал, Түркия
Тема боюнча
Ишкер Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Тез жардам унаасын алып берди
БУУнун азык-түлүк уюму Кыргызстандын айыл чарбасына 50 млн. доллар бөлөт
Батареядагы сом купюралары. Иллюстартивдик сүрөт

Бийлик жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат

63
(жаңыланган 12:43 16.06.2021)
Энергетика жана өнөр жай министрлиги жылуулук менен ысык суунун тарифин жыл сайын инфляцияга жараша жогорулатып турууну демилгелөөдө.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Аталган ведомство министрлер кабинетинин "2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү" жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Документте сунушталган калк үчүн тарифтер төмөнкүчө:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1418,45 сом (азыркы баасы 1 134,76 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 227,2 сом (азыркы баасы 981,76).

Ведомстводон белгилешкендей, жылуулук энергиясы үчүн тарифтер жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат.

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом).
"Көп жылдан бери жылуулук энергиясынын тарифи өз баасынан төмөн коюлуп, жыл сайын акчанын дефицити жаралып келген. Чыгым электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат менен жабылып турчу", — дешти ведомстводон.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жылдык инфляция 10,9 пайызды түздү.

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин дагы жогорулатуу сунушталып жатат.

63
Белгилер:
тариф, электр энергиясы, жылуулук, ысык суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Сунушталган 1,09 сомдук тарифти жыл сайын көбөйтүүнү айтышууда. Канчага өсөт?
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
Мезгилдүү ысык сууну өчүрүү. Архив

Жакында бишкектиктердин үйүнө ысык суу келет. Алдын ала эмне кылыш керек

48
(жаңыланган 12:40 16.06.2021)
Бир ай бою "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы оңдоп-түзөө, көзөмөл иштерин жүргүзүп, ысык суу өткөн түтүктөрдүн бекемдегин текшерди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы 17-июндан тарта борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө ысык суу акырындап берилерин айтып, анын алдында батир ээлери эмне кылышы керектигин эскертти.

Ысык сууну бир ай мурда, 17-майда, өчүрүшкөн. Бул аралыкта, тагыраагы, бир ай бою "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы оңдоп-түзөө, көзөмөл иштерин жүргүзүп, ысык суу өткөн түтүктөрдүн бекемдигин текшерди.

Бүгүн, 16-июндан тарта тармактарга суу жүгүртүп, толтуруу иштери башталат. Аталган ишкана суу келер алдында эмне кылыш керектигин видео түрүндө көрсөтүп берди.

Алар суу келер алдында жашоочуларды үйүндөгү крандарды бир ирет текшерип, жаап, суу каптап кетпеш үчүн байкоо салып коюуга чакырды. Суу ысытып колдонгондор орнотулган бактарды өчүрө турушу шарт. Бул тууралуу да айтып беришти.

Эгерде авариялык кырдаал жаралса төмөнкү телефон номерлерине чалуу керектигин эскертишти:

  • Колдонуучулар үчүн иштеген борбор: — (0312) 61-11-69, 1980, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66;
  • Диспетчердик кызмат — 56-85-58;
  • Борбордук райондун көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системасынын нөөмөттөгү инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;
  • Түштүк район боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системанын нөөмөттөгү инженерлери — 51-06-22, 21-74-06.
48
Белгилер:
эскертүү, инженер, көп кабаттуу үй, ысык суу, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте ысык суу качан бериле турганы айтылды
Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив

Бишкекте шаар жетекчисинин орун басарлары алмашты

0
Бишкек мэриясында калаа жетекчисинин эки орун басары алмашты. Буга чейинки биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ордуна буга чейин тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди. Буга чейин ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда Уюштуруучулукту өнүктүрүү департаментин жетектеген.

0
Белгилер:
вице-мэр, Жамалбек Ырсалиев, Алмаз Бакетаев, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш агенттигин жетектемей болду