Huawei Technologies компаниясынын логотиби. Архивдик сүрөт

Huawei Кытайдын аскери менен байланыштабы? "Акылдуу шаар" курчу ишкана тууралуу

712
(жаңыланган 16:14 24.01.2018)
"Акылдуу шаар" — өлкө жолдоруна видеокамералар орнотула турган система. Бул тутум аркылуу бийлик кылмыштуулукту, жол кырсыктарын азайтууга жана террордук коркунучтарды жоюуга ниеткер.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууда Huawei Technologies Co. Ltd кытай ишканасы менен 11-январда келишим түзгөн.

"Акылдуу шаар" — өлкө жолдоруна видеокамералар орнотула турган система. Алар шаардын көчөлөрүндөгү эреже бузууларды каттайт, ошондой эле транспорттук агымдын абалына көзөмөл салат. Бийлик бул тутум аркылуу кылмыш санын, жол кырсыгын азайтуу жана террордук коркунучтарды жоюуну каалайт.

Камераларды Бишкек жана Ошто, Бишкек — Ош жана Бишкек — Чолпон-Ата кан жолунда, ошондой эле "Манас" аэропортуна кеткен жолдо орнотуу пландалууда. Инвестициянын көлөмү 60 миллион долларды түзүп, долбоорду ишке ашыруу бир жарым жылга уланат.

Sputnik Кыргызстан редакциясы аталган долбоорду ишке ашыра турган чет элдик бул ишкана тууралуу фактылар түрмөгүн топтоду. Маалыматтар ишкананын расмий сайтынан жана ЖМКга жарыяланган макалалардан алынды.

1-факты: Huawei кытай армиясынын мурдагы инженери Жэн Чжэнфэй тарабынан 1987-жылы түптөлгөн. Ишкананын аталышы "Кытайдын жетишкендиктери" деген маанини туюндурат Адеп бул ишкана автоматтык телефон станцияларын алып сатчу.

2-факты: Huawei үч ири бөлүктөн турат: Huawei Consumer BG (телефондор), Enterprise BG (башкарууну жакшыртуу боюнча бизнес үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана чечимдер, ошондой эле "Акылдуу калаа" долбоору) жана Carrier (булут кызматы, видео, телекоммуникациялык жабдык). 2016-жылы 139 миллион смартфон чыгарган.

3-факты: Huawei Technologies Co. Ltd ишканасында азыркы чакта 180 миң киши иштейт. Дүйнөнүн 170 өлкөсүнө байланыш түйүндөрү, IT өндүрүмдөрү үчүн жабдыктарды чыгарат.

4-факты: Бир катар ЖМКлар Huawei компаниясын сынга алып, өндүрүштүк жана коммерциялык шпионажга барган деп айыптап келет.

5-факты: Ишкана өзүн туура эмес жол менен жарнамалаган деген кине коюлган

6-факты: Компаниянын баштапкы капиталы – 21 миң юань болгон. 2016-жылы жалпы кирешеси 75,1 миллиард долларды, ал эми анын ичинен таза пайданын көлөмү 5,3 миллиард долларга жеткен.

7-факты: Инвестиция, изилдөө жана иштеп чыгуулар 2016-жылы 11 миллиардды түзгөн.

8-факты: Huawei аркылуу "Акылдуу калаа", "Коопсуз шаар" долбоорлору жана коомдук коопсуздук алкагындагы башка чечимдер Гельзенкирхенде (Германия), Брисбен (Австралия), Нью-Йорк (АКШ) жана бир катар өлкөлөрдө ишке ашырылган. 2013-жылы Дүйшөмбү шаары (Тажикстан) да "Коопсуз шаарга" ээ болгон.

9-факты: АКШ Конгрессинин 10 жыл мурунку докладына караганда америкалык аскерлер ишкана Кытайдын куралдуу күчтөрү менен тыгыз байланышта экендигин билдиришкен.

10-факты: 2015-жылдын этегинде Huawei Tehnologies Bishkek Co LTD ЖЧКсынын мүлкү камакка алынган, анын алдында түзүлгөн Huawei Tech.Invesment Co LTD Ош — Эркеч-Там була-оптикалык байланышын курууда долбоордун алкагындагы жумуштардын акысын 118 миллион сомго жогорулаткандыгы үчүн айыпталган.

712
Белгилер:
"Акылдуу шаар" долбоору, смартфон, келишим, Huawei Technologies Co. Ltd кытай ишканасы
Тема боюнча
"Акылдуу шаар" долбоорун Huawei ишке ашырат. Өкмөт келишимге кол койду