Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асрандиев: курулуш компанияларын каржылоочу программа иштеп чыктык

© Фото / пресс-служба РКФРПредседатель правления РКФР Эркин Асрандиев
Председатель правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын жетекчиси Эркин Асрандиев аталган компаниялар эконом класстагы үйлөрдү гана курушу шарт экендигин айтты
Асрандиев: курулуш компанияларын каржылоочу программа иштеп чыктык

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу курулуш компанияларын каржылоочу программа иштеп чыкты. Бул тууралуу Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фонддон насыя ала турган курулуш компаниялар үчүн атайын талаптар коюлган.

"Фонд түзмө-түз ипотека бербейт. Анткени устав боюнча өзүн-өзү каржылоочу долбоорлорго каражат бөлөбүз. Бирок "Мамлекеттик ипотека" программасынын алкагында 1,5 жыл мурун баалуу кагаздардын арты менен 2 миллиард 200 миллион сомго жакын ипотекалык каржылоо болгон. Президент тарабынан тапшырма коюлуп, учурда курулуш компанияларды каржылоо боюнча программа иштеп чыктык", — деди Асрандиев.

Ал каржы ала турган компаниялар социалдык эконом класстагы үйлөрдү курушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0