Касымалиев: мамлекеттик карыз 4 млрд. долларга жетти, бирок ушул айда азаят

Жазылуу
Февраль айында мамлекеттик карыз 240 миллион долларга кыскармакчы

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард доллардан ашканын финансы министри Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

© Sputnik / Данияр СандыбаевМинистр финансов Адылбек Касымалиев
Министр финансов Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан
Министр финансов Адылбек Касымалиев

Анын айтымына караганда, 2017-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик тышкы карыз 280,9 миллиард сом же 4 миллиард 81 миллион долларды түзгөн.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан тышкы карыздан кантип кутулат? 2018-жылы эле 13 млрд. сом төлөө керек
"Бул ИДПнын 56,9 пайызын түзөт. Биз Россия менен 240 миллион доллар карызды жоюу боюнча келишимди кабыл алганбыз. Аны жакында эле Россиянын парламенти ратификациялады. Февраль айында Россия президенти да кол коет деп үмүттөнөбүз. Ишке ашып калса тышкы карыз 240 миллион долларга азаят, бул ИДПнын 3,3 пайызын түзөт. Буга ылайык өлкөнүн карызы ИДПнын 53,6 пайызын түзүп калат", — деди министр.

Ведомствонун маалыматына караганда, мамлекеттик ички карыз 449 миллион долларга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0