Исаков: Кыргызстанда тендер өткөрүүдө криптовалюта колдонуу пландалып жатат

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБиткоин сувенирдик тыйыны. Архив
Биткоин сувенирдик тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматы шаарында "Глобализация доорунда санариптик чакыруу" аттуу форум өтүүдө

АЛМАТЫ, 2-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик сатып алууларды аткаруу үчүн криптовалютаны киргизүү боюнча Кыргызстанда аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады. Мындай пикирин ал Алматы шаарында өтүп жаткан "Глобализация доорунда санариптик чакыруу" аттуу форумда билдирди.

Ал өз сөзүндө криптовалютаны киргизүү менен коррупцияны алдын алууга жана ишти жеңилдетүүгө болорун баса белгиледи.

Ал ошондой эле калкты тейлөөдө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу дагы маалымат берди.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Касымалиев: мамлекеттик карыз 4 млрд. долларга жетти, бирок ушул айда азаят
Анын ичинде "Таза коом" долбоорунун алкагында жасалып жаткан "Акылдуу шаар" долбоору Бишкек менен Ош шаарында ишке аша турганын айтты.

Исаков жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтары чогултулуп жатканын маалымдады. Өкмөт башчы өз сөзүндө киберкоопсуздук маселесине да олуттуу көңүл буруп, бул багытта уюмга мүчө мамлекеттер чогуу иш алып баруусу маанилүү экенин баса белгиледи.

Исаков өлкөдөгү салык жана фискалдык системаны санариптештирүү керектигин айтып, аны ишке ашырууда россиянын технологиясы колдонуларына токтолду.

"Салыктарды санариптештирсек көмүскөдө жаткан көптөгөн нерселер ачыкка чыгат", — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган форум Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен өтүүдө. 2017-жылы октябрда өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын Жогорку экономикалык кеңешинин жыйынында 2025-жылга чейин санариптик чакыруунун негизги багыттары бекитилген.

Участие Сапара Исакова во Всемирном экономическом форуме в городе Давос (Швейцария) - Sputnik Кыргызстан
Исаков ири компаниялардын өкүлдөрүн КРге инвестиция салууга чакырды
Форумдун башкы максаты ар бир мамлекеттин санариптик экономикасын өнүктүрүүнү ылдамдата турган, атаандаштыкты көтөрө турчу аракеттерди биргеликте иштеп чыгуу болуп саналат. Бул форумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынан тышкары, Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зокирзода Маxмадтоир Зоир катышууда.

Күндүн экинчи жарымында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болуп, тараптар тар жана кеңейтилген чөйрөдө жолугат.

Анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык жана уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара соода кылуусунун абалы талкууланат. Андан сырткары, агроөнөржай комплексин жана өнөр-жайды өнүктүрүүнүн божомолу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде иштегендерди пенсия менен камсыз кылуу маселеси дагы талкууланат.

Алматыда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу уюштурулду. Былтыр мындай жолугушуулар Бишкекте, Казанда, Астанада жана Ереванда өткөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0