Финансы министри дефицит деген эмне экенин түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы министри Адылбек Касымалиев
Финансы министри Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы республикалык бюджеттин дефицити 17 миллиард сомду түзгөн

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Финансы министри Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында бюджеттин дефицити деген эмне экенин түшүндүрүп берди.

2016-жылы мамлекеттик бюджеттин дефицити 20,9 миллиард сомду түзгөн, ал эми өткөн жылкы көрсөткүч 17,4 миллиард сом болчу.

"Бизде чыгашаларды жапканга кирешенин көлөмү жетиштүү. Мисалы чыгымыбыз 100 сом болсо, чыгаша да ошончо. Жолдорду куруу үчүн дагы 20 сом керек болгондуктан насыя алабыз. Бул 20 сом кирешеге эмес, чыгашага кирет, бирок каражат бар да", — деди министр.

Ал ошондой эле бюджеттин дефицити акча жок дегенди түшүндүрбөй турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0