Мураталиев: Таластагы мунай заводуна 800 млн. доллар инвестиция тартылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки завод акчанын жетишсиздигинен улам ишин токтоткон

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Талас облусунда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Инвестициянын жалпы көлөмү 800 миллион долларды түзөт. Жаңы ишкана "Маймак" эркин соода аймагынын базасында ишке берилет.

"Январда курулуш иштери башталышы керек эле. Бирок бир нече нюанстар пайда болду. Германия башкы инвестор болуп, ошол өлкөдөн чыккан техникалар колдонулат. Заводдо эки миңден ашык иш орун пайда болмокчу", — деди Мураталиев.

Таластагы мурдагы мунай өндүрүү заводу инвестициянын жетишсиздигинен улам ишин токтоткон.

Буга чейин Кыргызстан качан К4 жана К5 классындагы бензинге өтөрү айтылып, жол-жобосу түшүндүрлүгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0