Быйыл дыйкандардын канча күйүүчү май керектей турганы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПо дороге на Тянь-Шань — как живется в высокогорном Нарыне
По дороге на Тянь-Шань — как живется в высокогорном Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазгы талаа жумуштарына 40,6 миң тонна дизель майы жана 11,5 миң тонна бензин сарпталат

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 2018-жылы айыл чарба иштерине жалпысынан 122 миң тонна күйүүчү май керектелет. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ассоциация январь айында май жеткирүү боюнча Айыл чарба министрлиги менен кезектеги келишимди түзгөн.

"Министрликтин божомолу боюнча 2018-жылдагы талаа жумуштарына 122,3 миң тонна күйүүчү-майлоочу май зарыл. Анын 92,6 миң тоннасы дизель майы болсо, 29,7 миң тоннасы бензин", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы доорго 40 кадам стратегиялык долбоорунун эксперти Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Темиркулов: мал менен гана алектенбестен багбанчылыкка да басым жасоо керек
Булардын ичинен 40,6 миң тонна дизель майы жана 11,5 миң тонна бензин жазгы сугат иштерине сарпталат. Калганы күзгү талаа жумуштарына колдонулат.

Баса, өткөн айда Айыл чарба министрлиги 2018-жылы Кыргызстандын кайсы аймагына эмне айдалышы керектигин айткан. Мисалы, быйыл өлкөнүн түштүгүнө көнүмүш болгон дарбыз, күрүч, пахтадан тышкары ири өлчөмдө картошка отургузуу керек экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0