Кыргызстан Дубайда өтчү "ЭКСПО-2020" көргөзмөсүнө даярдыгын баштады

© Sputnik / Евгений БиятовXIX Всемирный фестиваль молодежи и студентов. День второй
XIX Всемирный фестиваль молодежи и студентов. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ЭКСПО-2020" көргөзмөсү 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин Бириккен Араб эмирлигинин Дубай шаарында өтөт

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дубай шаарында өтө турган "ЭКСПО-2020" бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө Кыргызстандын катышуусу жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган чечим дүйнөлүк иш-чарага Кыргызстандын катышуусуна даярдык көрүү максатында кабыл алынды.

Бул жолу ЭКСПОнун негизги темасы — "Акыл-эсти бириктирүү, келечекти куруу".

"Дубай ЭКСПО-2020" көргөзмөсүндө улуттук көргөзмө оператору катары Соода-өнөр жай палатасы аныкталып, ага бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча функциялар ыйгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Түркияда өтүп жаткан East Mediterranean International Tourism and Travel Exhibition деген аталыштагы туристтик көргөзмөдө Кыргызстан жөнүндөгү стенд Нукуралык номинациясын жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын стенди Түркиядагы фестивалда "Нукуралык" сыйлыгына ээ болду
Маалыматка караганда, "ЭКСПО-2020" көргөзмөсү 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин Бириккен Араб эмирлигинин Дубай шаарында өтөт. Ага 180 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, 2017-жылы Казакстанда өткөн "ЭКСПО-2017" иш-чарасында Кыргызстандын суу потенциалына кызыккандар көп болгон. Анда Кыргызстандын павильонуна 93 күн ичинде жарым миллиондон ашык адам кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0