Токтогул ГЭСин модернизациялоо: 104 млн. долларлык келишимге бүгүн кол коюлат

Жазылуу
ГЭСти модернизациялоонун жалпы чыгымы — 450 миллион долларга бааланган

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бүгүн, жума күнү Кыргызстанда "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруучу келишимге кол коюлат. Бул тууралуу Бишкектеги Азия өнүгүү банкынын кеңсесинен кабарлашты.

БизЭксперт аналитикалык агенттигинин коммуникация боюнча эксперти Назгүл Кыдыралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кыдыралиева: микро ГЭС куруу менен электр энергияга болгон көз карандылык жоюлат
104 миллион долларлык келишим "Электр станциялары" ААКсы менен биргелешкен GE Hydro (Франция) жана GE Renewables (Швейцария) компанияларынын ортосунда түзүлөт.

Документке кол коюу иш-чарасы "Электр станциялары" ААКсынын кеңсесинде өтөт.

Азия жана Евразия өнүгүү бактары каржылай турган бул долбоордун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт агрегат алмашат.

"Жаңы агрегаттар ГЭСтин ишин жакшыртып, кубаттуулугун 240 МВтка көтөрөт. Ошондо Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1 440 МВтка жетет", — деп айтылат билдирүүдө.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
ГЭСти модернизациялоонун жалпы чыгымы — 450 миллион долларга бааланган.

Белгилей кетсек, гидроэлектрстанция 1973-жылы салынган. Токтогул — Орто Азиядагы эң ири суу сактагыч болуп саналып, Кетмен-Төбө өрөөнүндө Нарын суусунда жайгашкан.

Плотинасынын бийиктиги 215 метрге жеткен ГЭСтин асмандан кандай көрүнөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Ажайып Кыргызстан" долбоорунан баам салсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0