Алматыда Кыргызстандын товарларына суроо-талап жогору

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПродовольственная ярмарка во Владивостоке
Продовольственная ярмарка во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын башка шаарларында дагы атайын жайларды ачуу пландалууда

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Алматы шаарындагы "Адем" соода борборунда жаңы жылдан тарта Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар "Манас" бөлүмүндө сатыкка коюлду. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ал жакта кийим-кече, косметика, бал сыяктуу бир топ товарлар сатылууда.

"Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга казакстандыктардын талабы жогору. Бардык товарлар улуттук колоритте жасалгаланган", — деп айтылат маалыматта.

Мясоперерабатывающий комбинат Кубань в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын дагы 15 ишканасы Казакстанга продукция киргизет. Тизме
Кыргыздардын "Мурас" этнобиримдигинин төрагасы Руслан Мамыров кыргыз товарларын Казакстанда жайылтуу башкы максаттардын бири экенин белгиледи.

"Азырынча мындай соода үйү Алматы шаарында гана бар. Башка шаарларда дагы ачууга да ниеткербиз", — деди ал.

Тышкы иштер министрлигинин 2017-жылдын ноябрына карата берген маалыматы боюнча учурда Казакстанда Кыргызстандын 100 миңдей тургуну бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0