БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаада жергиликтүү ишканалардын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргызстан-2018" аталышындагы иш-чара 19-апрелден 23-апрелге чейин өтөт. Ага ата-мекендик 80дей компания катышып, өз товарларын көрсөтөт. Анда жеңил өнөр жай, айыл-чарба продукциялары, өнөр жай товарлары жана туризм боюнча кызматтар сунушталат.
Ишкерлерге жаңы өнөктөштөрдү жана кардарларды табууга багытталган саамалыкка 10 миңдеген адамдардын келүүсү күтүлүүдө.
Чет өлкөдө таанымал болгон кыргыз бренддери жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалында окуңуздар.