Кыргызстанда электр энергиясы өздүк наркынан беш эсе арзан сатылат

© AFP / MARTIN BERNETTI Подача электричества в Сантьяго
Подача электричества в Сантьяго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн ТЭЦтеги аварияны иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк 2 сом 96 тыйын экенин ТЭЦтеги аварияны иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыктоочу жыйынында "Электр станциялары" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Лев Васильев билдирди.

Жыйында дептутат Бакирдин Субанбеков энергетика тармагында иштегендерден тарифтер кандай болушу керек деп сурады.

Авария на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Шадиев: быйылкы жыл үчүн Бишкек ТЭЦин оңдоого 730 млн. сом каралган
Васильев 2017-жылы электр энергиянын бир кВт сааты 56,6 тыйындан сатылганын, бирок анын өздүк наркы 2 сом 96 тыйын экенин кошумчалады. Ошондой эле жылуулук энергиясы 150 сомдон сатылса, өздүк наркы 1015 сом экенин белгиледи.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКтын башкы директорунун кеңешчиси Мирбек Батаканов тарифтер мекеменин авариясыз, ишенимдүү жана сапаттуу иштешин эске алуу менен түзүлүшү керектигин айтты.

Депутат Субанбеков энергия өздүк наркынан беш эсе арзан сатылып жатса, дайыма маселе жаралып, алдыга өнүгүү болбой турганын айтты.

Электр энергиясына тарифти көтөрүү керекпи?

Жаңылыктар түрмөгү
0