Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу 50 млн. доллар насыя алат

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / IllustrationРабота обменных бюро в Мексике
Работа обменных бюро в Мексике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду каржылоого 50 миллион долларга жакын каражат каралган

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна 50 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Каражат беш жылга берилмекчи. Бирок үстөк пайызы азырынча айтыла элек. Тийиштүү келишимге бүгүн, 21-февралда, Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев кол койду.

"Каражат Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду каржылоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Мындай кызматташуу Кыргызстандын экономикасын модернизациялап жана өнүктүрүүгө шарт түзүлөрү белгиленди.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу 2014-жылы Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо максатында негизделген. Уставдык капиталы 500 миллион доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0