Ак-Түздөгү алтын чайкаган ишкана убактылуу жумушун токтотту

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАлтын кени. Архив
Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусунун жетекчиси баштаган аткаминерлер жергиликтүү эл менен жолукту

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кемин районунун Ак-Түз айылындагы алтын чайкаган "Гео резерв" компаниясы уулуу калдыктар аккан кууру толук оңдолгонго чейин ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу райондун акими Жумгалбек Дүйшөбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 26-февралда Ак-Түз айылынын тургундары алтын чайкаган ишкананын уулуу калдыктар аккан кууру жарылып, сайга агып жатканын айтышкан.

Дүйшөбаев бүгүн Ак-Түз айылында жергиликтүү жана коңшу айылдын тургундары менен жолугушуу болгонун кошумчалады.

"Өкмөттүн Чүй облусундагы атайын өкүлү Улан Карагулов дагы жолугушууга келди. Азыркы учурда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Комиссияга ошондой эле 3-4 айылдан экиден өкүл кошулду", — деди ал.

Аким жергиликтүү тургундардын айрымдары ишкана такыр эле жабылсын десе, кээси техникалык коопсуздукту толук сактап ишин уланта берсин деген талаптарын коюп жатканын айтты. Дүйшөбаевдин айтымында, айрым ЖМКлар жазып жаткандай куурлар жардыруудан улам жарылган эмес.

"Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары куурду жардырып жиберди деп жатышат. Бирок андай болгон эмес, куурлар сууктан улам жарылган", — деди ал.

Учурда жарылган куурду калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат, уулуу калдыктар аккан жок.

Предприятие Фулл голд майнинг на месторождении Иштамберды - Sputnik Кыргызстан
"Иштамберди" кенин жергиликтүү тургундар тоноп жатабы? Милициянын жообу
Кемин районунун акиминин айтымында, "Гео резерв" ишканасы СССР учурундагы "Кыргыз тоо-металлургиялык комбинатынын" фабрикасынын базасында эле ишин жанданткан. Ишкана кенди Куран-Жайлоо деген жерден машина менен ташып келерин кошумчалады.

Ишкананын айланасында буга чейин да бир катар нааразычылыктар болгон. Ак-Түз айылынын тургундары оор жүк ташыган автоунаалар айылдын жолдорун бузуп жатканын айтып чыгышкан. Ошондой эле фабрикада иштегендер жетекчилик айлык акы бербей жатканына нааразы болуп, митинг уюштурушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0