Кыргызстандын энерготармагына биринчи жолу баа берилет

Жазылуу
Марттын биринчи декадасында бардык сегиз энергокомпанияда инвентаризация башталат

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстан эгемендигин алгандан бери биринчи жолу инвентаризация жасалып, өлкөнүн сегиз энергокомпаниясынын активдери бааланат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы билдирди.

Коңур-Өлөң ГЭСи - Sputnik Кыргызстан
Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок. "Көк-Сай", "Коңур-Өлөң" ГЭСтери эмне болот?
Алардын ичинде "Электр станциялары", "Чакан ГЭС", "Кыргызстандын улукттук электр тармактары", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр", "Түндүкэлектр" жана "Бишкекжылуулуктармактары" ишканалары бар.

2017-жылы 21-сентябрда эл аралык тендердин жыйынтыгында консультациялык компания менен келишим түзүлгөн. Ал энергокомпаниялардын 1,5 миң кызматкерин эки этаптуу окуудан өткөргөн. Эл аралык стандарттар менен инвентаризация жана кайра баалоо методологиялык базасы компаниянын өзү тарабынан иштелип чыккан.

Окуунун жыйынтыгында Аксуу РЭСинин, Үч-Коргон ГЭСинин активдери сынамак долбоордун негизинде эсептелген. Марттын биринчи декадасында бардык сегиз энергокомпанияда инвентаризация башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0