Кыргызстандан барган 65 тонна кургак сүт Россияга кирбей калды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКургак сүрөттү лабораториялык текшерүү. Архив
Кургак сүрөттү лабораториялык текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жолкусунда 60, эми 65 тонна продукция киргизилген жок

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Оренбург облусундагы Россельхознадзор башкармалыгы Россиянын аймагына Кыргызстандан барган 65 тонна кургак сүттү киргизбей койду. Бул тууралуу башкармалыктын сайтына жарыяланды.

Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанга бекер ташып кире турган товардын көлөмү 30 эсеге көбөйдү
Продукция орус-казак чек арасынан өткөрүлбөй калган. Жүк ташуучулардын айтымында, "Ак сүт" ишканасынын продукциясы Россияга Оштон жөнөтүлгөн болчу.

Россельхознадзордон сүт азыктарынын сапатын тастыктаган бир дагы документ жок болуп чыкканын билдиришти. Башкармалыктын өкүлдөрү учурда административдик изилдөө жүргүзүп, сүт азыктарын жок кылуу боюнча маселени карап жатышат.

Буга чейин, 2-мартта, ушул эле чек арадан 60 тонна кургак сүт Россиянын аймагына өтпөй калган. Ал эми Россельхознадзор "Ак сүт" ишканасынын продукциясынын өлкө аймагына киришине убактылуу чектөө киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0