Компьютерный зал. Архивное фото

Ош мамлекеттик университети 2 млн. сомдон ашык каражатка компьютер сатып алат

114
(жаңыланган 15:07 07.03.2018)
6-мартта жарыяланган тендердин мөөнөтү 13-мартта аяктайт

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош мамлекеттик университети компьютер, принтер, иш техникасы жана принтер үчүн материалдарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, окуу жай жогоруда аталган техникаларды сатып алуу үчүн 2 миллион 416 миң 456 сом сарптоого даяр.

Тендер 6-мартта жарыяланып, мөөнөтү 13-мартта аяктайт.

114
Белгилер:
компьютер, тендер, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)
Тема боюнча
"Манас" аэропорту санариптик видео байкоо жабдыктарын 1 млн. сомго сатып алат
Каракол шаары 9 миллион сомго жашылдандырылат
Банк имараты. Архив

Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду

28
(жаңыланган 16:56 04.07.2020)
Улуттук банктын кызматкерлери арасында коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Банктарды, акча алмаштыруу жайларын жана башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга инспектордук текшерүү жүргүзүү токтотулду. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал чыңалып тургандыктан Улуттук банктын кызматкерлери арасында коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

"Коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарын, кепилдик фонддорун, адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарды, акча алмаштыруу жана кредиттик бюролорду инспектордук текшерүүгө алууну токтотуу чечими чыкты. Буга үчүнчү тараптын сурамы менен аткарылчу текшерүүлөр да кирет", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк коронавирустан улам банктарга 1 млрд сом насыя берет

Мындан сырткары, акча алмаштыруу жайларын жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткарышын текшерүү жана лицензия берүү маселесин кароо иши да токтотулган.

Өлкөдө кырдаал турукташкандан кийин текшерүүлөр кайрадан улантылат.

28
Белгилер:
Акча алмаштыруу жайлар, текшерүү, Улуттук банк
Тема боюнча
Июнда Кыргызстанда акча көбөйүп абсолюттук рекорд койду
Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси
Бишкектеги шайлоо участогундагы автоматташтырылган үкөк. Архив

БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?

71
(жаңыланган 10:06 04.07.2020)
Мамлекеттик орган ал каражатка шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторуна жеткирет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталына чыкты.

Ага ылайык, БШК 21 миллион 121 миң 200 сомго шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүнү көздөп жатат.

Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

3-июлда жарыяланган тендер 24-июлда соңуна чыгат. Жеңүүчү тарап өз автоунаасы менен 1-августтан 6-октябрга чейин 60 миң чакырым жол жүрүп, жүргүнчү жана жүк ташуу менен алектенет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда күчүнө кирди.

71
Белгилер:
депутат, акча, тендер, шайлоо, БШК
Тема боюнча
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт
Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле
Аэропорттогу дарыгерлер. Архив

Мекенге жардамга баратабыз! Эртең Россиядан биздин медиктер учуп келет

0
(жаңыланган 21:02 04.07.2020)
Дарыгерлер мурдараак кыргызстандыктарга жардам бериш үчүн дары-дармекке жана меджабдууларга каражат чогулткан.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең, 5-июлда, мекенине жардам бериш үчүн Бишкекке Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер учуп келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине алардын бири Нурлис Токебаев билдирди.

Токебаев медицина кызматкерлеринин Кыргызстанда жетишсиз болуп жаткандыгын көргөндөн кийин жардам берүү үчүн келүүнү чечишкендигин айтып берди. Аны менен катар эле Россияда атайын акция жарыяланып, 2 миллион рубль акча чогултулган.

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

"Аларды жөнөкөй мигранттар: таксисттер, ашпозчулар, базарда соода кылгандар чогултту. 500дөн 1000 рублге чейин беришти. Бул акчага канча экенин билбейм, бирок кычкылтек концентраттары, коронавирусту дарылоодо пайдаланыла турган препараттар алынды", — деди Токебаев.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын бири ИВЛ аппаратын сатып берди. Аны бир аптадан соң, кийинки каттам менен алып келишет.

"Бүгүн саат 1:00дө элчиликтин алдына чогулуп, андан ары аэропортко жөнөйбүз. Бара тургандар 30га чукул дарыгерлер менен медайымдар. Демилгени Facebook тармагында көтөрүп чыктык, бизди бийлик колдоду", — деп кошумчалады ал.

Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
Кыргызстан, жардам, мекен, дарыгерлер, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт ыктыярчы медиктер кайрыла турган номерлерди жарыялады
Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө