Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Кытай компаниясы үн катты

Жазылуу
26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылып, эл жылуулуксуз калган. Коомчулук арасында буга ТЭЦти модернизациялап жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын дагы күнөөсү бар деген кептер тараган болчу.

БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Бишкек ТЭЦинин эски бөлүгүндөгү авария менен жаңы бөлүктү чаташтыргандар жаңы блокту курган бир нече миңдеген кыргыз жана кытай жумушчуларынын эмгегин басынтты. Бул тууралуу кытайлык ТВЕА компаниясынан билдиришти. 

Бишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөр айтылып, кызматтан алуу сунушталды
Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган. Коомчулук арасында буга ТЭЦти модернизациялап жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын дагы күнөөсү бар деген кептер тараган болчу. 

Маалыматта жаңы блоктун курулушу эң жогорку деңгээлде аткарылганы жана ведомстволор аралык комиссия авария эски блокто болгонун тастыктаганы белгиленген. 

“ТЭЦтин жаңы блогунун эксплуатацияга берилгенге чейинки жана ишке киргенден кийинки көрсөткүчү эң жогорку деңгээлде. Эски блокто авария болгон кезде жалдаган тараптын буйругу менен жаңы блок ишке кирүүгө даяр болчу. Айрым адамдардын ТЭЦтеги аварияны жаңы блокко байланыштырып жатканы такыр түшүнүксүз. Так ушул жаңы блоктун кызматкерлери башкалар менен чогуу шаар жылуулук системасын миллиарддаган чыгымдардан сактап калышты. Ошондой эле компания Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилеси үчүн кошумча иштерди дагы аткарып жатты”, — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле аварияны шылтоолоп компанияны каралагандар, Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусуна доо кетирүүнү каалаган күчтөр бардыр деген божомол маалыматта белгиленген. 

Председатель правления ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Айбек Калиев: биздин муун уурдалып жок болгон нерсени калыбына келтирип жатат
“ТВЕА компаниясы Кыргызстандын экономикасы үчүн бардык күчүн жумшоого даяр. Бирок 386 миллион доллар менен миллиондон ашык калк жашаган борбор калаадагы энергосистема көйгөйүн чечип коюу мүмкүн эмес. Анын үстүнө эски блоктогу жабдыктар өтө начар абалда. Эскерте кетчү жагдай, мындай жеңилдик менен берилген насыяны кытайлыктар Кытайдан алалбай жатышат. Бул долбоордун бир эле максаты – Кыргызстандын инфраструктурасын колдоо”, — деп ТВЕА компаниясынан билдиришти. 

Ошондой эле ишкана бир гана Кытайда эмес, Россия, АКШ, Европа жана дүйнөнүн 60 өлкөсүндө канчалаган долбоорлорду ишке ашырып бир дагы жолу сын укпаганы айтылып, ТВЕА энергетикалык жабдыктарды чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунда экени белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0