Россия Кыргызстанга 10 млн. доллар берет. Каражат кайда жумшалат?

© Фото / Elizabeth ZalkindОкуучулар
Окуучулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын кезектеги финансылык жардамы менен Кыргызстандагы 500дөн ашык мектептеги 175 миң окуучуга ысык тамак берилет

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат. КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт.

Ага ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат.

Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды.

© Фото / Elizabeth ZalkindАлдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат
Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат
© Фото / Elizabeth Zalkind КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт
КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт - Sputnik Кыргызстан
2/4
КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт
© Фото / Elizabeth ZalkindАга ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат
Ага ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ага ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат
© Фото / Elizabeth Zalkind Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды.
Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды.
1/4
Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат
2/4
КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт
3/4
Ага ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат
4/4
Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды.

"Биздин өнөктөштөр — Россия менен БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы менен чогуу мектепте ысык тамак берүүнү жакшыртып, сезилерлик социалдык-экономикалык пайда көрүп жатабы. Аны биринчи кезекте балдар менен үй-бүлөлөр алып жатат", — деди Кудайбердиева.

Тамаш-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы облусунда тоё тамак жешет? Рейтинг
2013-жылы КРдин Билим берүү министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы Россиянын 12 миллион доллар өлчөмүндөгү финансылык жардамы менен мектептеги тамак берүүнү жакшыртууну баштаган.

Учурда сынамак программанын алкагында өлкө аймагындагы 335 мектепте башталгыч класста окуган 114 миң окуучу ысык тамак ичет. Россиянын кезектеги финансылык жардамы менен алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы 500дөн ашык мектептеги 175 миң окуучуга ысык тамак берилет.

Россия — БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк тамак-аш программасынын ири донору. Программа Кыргызстанда иштеп баштагандан бери Россия 60 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0