Базарларда мал канчадан сатылууда? Өлкө аймактарындагы баа

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМал. Архив
Мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаздын келиши менен көпчүлүк фермерлер күзгө чейин семиртип сатуу үчүн мал алып баштайт. Ошондой эле той-ашка семиз мал издегендер да жок эмес.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстандын аймактарындагы ири делген мал базарларындагы наркты билип, жаз-күз мезгилдериндеги малдын баасын салыштырып көрдү.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мал күз жана жаз мезгилдеринде жакшы өтөт. Бирок эки мезгилдеги баада чоң айырма бар экен. Алсак, күзүндө 60 миң сомго бааланган семиз жылкы жазында 70-80 миңден кем сатылбай калат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, азыр Чүй облусундагы "Токмок" жана Ош облусундагы "Кара-Суу" мал базарларында жылкынын орточо баасы 70 миң сомдун тегереги болсо, Ысык-Көл облусунун "Каракол" жана Нарын облусунун "Ат-Башы" мал базарларында 80 миң сомго чейин жетүүдө.

Ал эми уйдун баасы Ат-Башыга салыштырмалуу Ошто бир аз кымбатыраак. Мындан сырткары, учурда ирик (койдун бычылган эркеги) да жакшы бааланып, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарындагы базарларда 12 000 сомдон сатылып жатыптыр. Малдын эң эле арзаны эчки экен. Аймактарда бул жандык азыр 2000-3000 сомдун тегерегинде сатылууда.

Чүй облусунун "Токмок" мал базарында бука алып саткан Нурмат Жуманалиев аталган базарда бээ, бооз уй жакшы өтүп жатканын билдирди.

Улица Аалы Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Быйыл жазда турак жай менен унаа кымбаттайбы? Серепчилердин пикири
"Азыр тууй турган бооз уй, бээ жана торпоктордун сезону башталды. "Бир баш күзүндө эки баш болуп калат" деп кардарлар ошолорду алышууда. Анын үстүнө кулун, торпоктор күзгө чейин торолуп козуларга салыштырмалуу кымбат бааланат. Аларды кайра сатып жок дегенде баласынын окуусуна акча кылып алышат. Тууй турган жылкылар базарда 55 миң сомдон 80 миң сомго чейин бааланса, бооз уйлар 40-50 миң сомго жетүүдө. Ал эми буканы жазында көбүнчө дунгандар байлап сатыш үчүн эт багытында алышат. Бир жашка чыга элек букаларды 27-30 миң сомго берип жатабыз", — деди Жуманалиев.

Ал ошондой эле базардагы малдын баасы эттин наркына жараша болорун кошумчалап кетти.

"Базарда эт арзан болсо, малдын баасы да бир аз түшөт. Мындан тышкары, күзүндө көпчүлүгү балдарын окууга даярдап, той берип мал саткандыктан күз мезгилинде малдын баасы арзандайт. Ал эми жазында семиз малды табуу кыйын болгондуктан нарк дароо көтөрүлүп кетет", — деди Жуманалиев.

Ал эми Нарын облусунун тургуну Кубан Океев "Ат-Башы" мал базарында учурда ириктер кымбат бааланып жатканын айтты.

"Ноорузга чукул деп азыр ириктер, семиз койлор жакшы өтүп жатат. Анын үстүнө азыр той-аш жаз, күз дебей берилип калгандыктан семиз жылкы, уй издегендер да көп", — деди Океев.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында уй этинин бир килограммы орточо 300-350 сомдон, ал эми кой эти 250-300 сомдон сатылууда.

Топоз багып байыган Ат-Башылык миллионер кыздын маеги да көпчүлүккө кызык болсо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0